• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Майдан: Чет элдик өкүл мыйзамы эмнени көздөйт? (Түз эфир)

20 Бештин айы 2023 15:44 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш 25-октябрдагы жыйынында «Чет элдик өкүл жөнүндөгү» мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда талкуусуз кабыл алды.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып жатышат.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Ал эми депутат Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

«Чет элдик өкүл» мыйзамы эмнени көздөйт? деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

Руслан Озубеков — Акыйкатчы институтунун өкүлү;

Таттыбүбү Эргешбаева юрист;

Бурул Усманали жарандык активист.

Количество просмотров: 568