Бүгүнкү Майдан дебатында «Дөө-шааларды бириктире албаган Баш мыйзамдын жоопкерчилиги депутаттарда» деген теманын алкагында сөз болмокчу.
«Майдандын» катышуучулары:
«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо тууралуу» мыйзамдын долбоорун 3-мартта парламенттин сессиясында 87 депутат колдоп, тогузу каршы добуш берди.
Жыйын бир топ сын-пикирлердин коштоосунда өттү.
Долбоор парламенттен дагы эки окуудан өтүп, президент кол койсо 2020-жылы Жогорку Кеңештин 80 депутаты демилгечи болуп, кийин Конституциялык кеңешме иштеп чыккан Баш мыйзамдын долбоору 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу референдумга коюлат.