• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Майдан: Электр энергия кымбаттайт. Эл мындай жүктү көтөрө алабы? (түз эфир)

26 Чын куран 2023 16:13 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 1-майдан тартып калк үчүн электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт.

Электр энергиясын 700 киловатт-сааттан жогору көлөмдө пайдаланган учурда тариф 2,16 сом болуп мурдагы деңгээлде сакталат. Муктаж болгон үй-бүлөлөр жана жарандар үчүн дагы мурдагы деңгээлде сакталып, 1 киловатт-саат үчүн 50 тыйынды түзөт. Ал эми электр энергиясын чектөөсүз пайдаланууну каалагандар үчүн тариф 5,04 сомдун ордуна 3,28 сомго чейин төмөндөтүлдү.

Тарифтерди жогорулатууга байланыштуу көрүлүп жаткан чаралар өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана керектөөнүн көлөмү динамикалуу өсүп жаткан шарттарда калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн зарыл болуп жатканы белгиленди.

«Электр энергия кымбаттайт. Эл мындай жүктү көтөрө алабы?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

Абайылда Адылбек уулу — Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинин Тариф жана бааны жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы;

Эрнест Карыбеков — Энергетика тармагы боюнча эксперт;

Алмаз Шабданов — экономист

Количество просмотров: 2373