Бүгүн эл аралык эне тил күнү. Эне тилибизге болгон мамиле жана эмне үчүн кыргыз тили популярдуу тилге айлана алган жок?
Былтыр 17-июлда президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт. Мыйзам иштеп жатабы?
«Эне тилге болгон кайдыгер мамиле» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары: