Эртең, 25-ноябрда Бишкек шаарында биринчи Элдик курултай өтөт. Президент Садыр Жапаров буга чейин «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, ылайык, 1074 делегат катышат.
Анын ичинен 452 айылдык аймактан 904 делегат, облустук маанидеги 12 шаардын ар биринен экиден жана райондук маанидеги 18 шаардын ар биринен бирден (42 делегат), Бишкек шаарынан 60, Ош шаарынан 30 делегат келет. Андан тышкары чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан 28 делегат катышат.
Курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек болчу.
«Курултай элдин көйгөйүн чече алабы?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары: