• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Майдан: Курултай талаш жаратты… (Түз эфир)

1 Аяк оона 2022 17:08 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 25-ноябрда курултай чакыруу боюнча жарлыкка кол коюп, “Элдик Курултай жөнүндө убактылуу жобо” жарлыгын бекитти. Курултайды уюштуруу боюнча даярдыктар башталып, аны менен катар ар кандай талкуулар да айтыла баштады.

Президент Садыр Жапаров элдик курултай уюштуруу чечимин кабыл алууга былтыр журналисттерге өткөргөн жылдык пресс-конференциясы түрткү болгонун бүгүн 27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде билдирди. Жапаров ошондо “Үч саат жөн эле ушактарга жооп берип олтурганын” белгилеп, “Анан ошондон кийин Баш мыйзамдын негизинде курултай чогултуп, элдин алдында бир жылда кандай иштер аткарылгандыгы жөнүндө маалымат берели деп чечтим” деп айткан.

Эске салсак, буга чейин ЖКнын тармактык комитети Садыр Жапаровдун өтүнүчү менен “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун чукул караган, бирок документтин концепциясы колдоо тапкан эмес. Жыйында бул институттун макамы, ыйгарым укуктары, делегаттар жана президенттин администрациясынан көз каранды экенине байланыштуу беренелерден улам кызуу талаш-талкуу чыккан жана сын-доомат айтылган.

Бүгүн «Майдан» дебатында «Курултай талаш жаратты…» деген теманын тегерегинде талкуу болмокчу.

Майдандын катышуучулары:

  • Султанбай Айжигитов — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Кадыр Кошалиев — «Кыргыз жолу» коомунун төрагасы;
  • Алмазбек Акматалиев — Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору;
  • Таттыбүбү Эргешбаева — юрист.
Количество просмотров: 2683