• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Майдан: Кыргызстанда казино иштемей болду. Мыйзам тууралуу пикирлер (түз эфир)

23 Кулжа 2022 18:25 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Деген менен мыйзам долбоорунун кабыл алынышы ача пикир жаратып, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартышкан.

Бүгүн, 23-июнда жарандык активисттер парламент алдына кумарканалар мыйзамына каршы нааразылык акциясына чыкты.

Белгилей кетсек, казинону мыйзамдаштыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорунун демилгечиси Экономика министрлиги. Долбоор Кыргызстандын аймагында оюн-зоок жайларынын укуктук негиздерин, аны ачуу тартибин, кумар оюндарын уюштуруунун жана аларды лицензиялоонун, кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө көзөмөл жана кумар оюндарынын субъекттеринин жоопкерчилигин аныктайт.

Буга чейин президент Садыр Жапаров казинолорду ачуу демилгеси боюнча түшүндүрмө берип, мамлекет Кыргызстандын жарандарынын казиного кирбешине 100% кепилдик берерине сөз берген.

«Кыргызстанда казино иштемей болду. Мыйзам тууралуу пикирлер»,-деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

Султанбай Айжигитов-Жогорку Кеңештин депутаты;

Калича Умуралиева «Биздин укук» коомдук фондунун директору;

Кадыралиев Абай Жоомартович — Финансылык рынокту көзмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси;

Акжолтой Тукунов — жарандык активист.

Количество просмотров: 4894