Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Кытайдын аймагында магнитудасы сегиз баллга жеткен жер титирөө болду. Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы “Кумтөр” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл, ал эми Бишкекте 3 баллга жеткен.
Ысык-Көл облусундагы Көк-Сай, Бөкөнбаев, Ак-Шыйрак айылдарында айрым үйлөрдөн жаракка кеткендиги тууралуу маалымат түштү.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлагандай, жер-жерлеринде райондук жана шаардык ӨК бөлүмдөрүнүн ыкчам топтору жер титирөөдөн жабыркагандарды жана кыйроолорду тактоо иштери айыл аймактарынын айыл өкмөттөрү менен жүргүзүлүүдө.
Ал эми Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (Мамкурулуш) курулуш объектилериндеги табыгый кырсыктан улам пайда болгон деффектилерди аныктоо иштерин жүргүзуп жатканы кабарланды.
«Кыргызстанда жер титирөө болду. Акыркы абал» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары: