Бүгүн Апрель ыңкылабына 13 жыл толду. 2010-жылдын 7-апрелинде үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы болгон эл «Ала-Тоо» аянтына чыгып, ал кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигин кулаткан.
Ошол күнү бийликтин огунан 87 адам каза болуп, Бакиев өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Кыргызстандын келечеги үчүн көз жумган эр-азаматтардын бир катарларынын сөөгү «Ата-Бейит» комплексине коюлган. 7-апрель Кыргызстанда расмий түрдө Апрель революциясынын күнү болуп саналат.
«Кыргызстандын президенттерин айдаган революциялар элге эмне пайда алып келди?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:
Алиясбек Алымкулов —Апрель баатыры;
Эмилбек Каптагаев—Убактылуу өкмөттүн мүчөсү;
Табылды Акеров—саясат талдоочу;
Айбек Теңизбаев—саясат талдоочу.