• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Майдан: Маалыматтык согушта туруштук бере алдыкпы? (түз эфир)

20 Аяк оона 2022 17:07 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын кол салуусунан кийин интернет желесинде тажик тараптын фейк, троллдору социалдык тармактарга жалган ысымдар жана сүрөттөр менен катталып, саясий темаларга дембе-дем комментарий жазып, Кыргыз Республикасын терс өңүттө көрсөтүүнүн үстүндө жандуу иштеп жатат. Бул арада кыргыз интернет колдонуучулары дүйнө жүзүнө жана коңшу тажик элине чындыкты жеткирүү аракетин көрүшүүдө.

Медиа сабаттуулук, маалыматты туура таратуу жалпы айтканда бирдиктүү маалымат саясаты жүрүп жатат. Мамлекттик органдардын басма сөз кызматтары жигердүү иш алып барууда. Өлкөдөгү ЖМКлар Тажикстандын биринчилерден болуп Кыргызстанга ок атуусу боюнча маалыматтарды обьективдүү жана башка тилдерге которуу менен берип жатат.

«Маалыматтык согушта туруштук бере алдыкпы?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

Нурдин Дүйшөнбеков — “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы;

Авлан Жумабаев — медиа эксперт;

Семетей Аманбеков — Көз карандысыз журналисттер союзунун төрагасынын орун басары;

Атай Бейшенбек — Жарандык активист.

Количество просмотров: 1735