• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Майдан: “Парламенттик шайлоо качан жана кантип өтөт?” (түз эфир)

12 Баш оона 2021 18:04 Бишкек Govori.TV

 Бүгүн “Майдан” дебатында “Парламенттик шайлоо качан жана кантип өтөт?” деген теманын тегерегинде талкуу болмокчу.

«Майдандын «катышуучулары:

  • Исхак Масалиев — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  • Бактыбек Жумагулов — саясат таануучу;
  • Шаирбек Маматокторов – эксперт;
  • Эркин Нурбаев — активист.

2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, ага 16 партия катышкан. «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары жети пайыздык босогодон ашып, жеңишке жетишкени жарыяланган. Бирок 5-октябрда 12 саясий партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялап, жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Алардын миңдеген тарапкерлери Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүшкөн. Натыйжада шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, өлкөдө бийлик алмашкан.

Учурда Парламентке күздө өтөөрү айтылган кайра шайлоонун так датасы жарыялана элек. Ал эми Жогорку Кеңеш «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу» мыйзам долбоорун кабыл алды. Эми парламенттеги 90 депутаттын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Количество просмотров: 621