• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Майдан: Парламенттик же президенттик. Референдумга карай жол (Түз эфир)

3 Бештин айы 2020 17:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн «Майдан» дебаттарында «Парламенттик же президенттик. Референдумга карай жол» деген таманын алкагында талкуу болмокчу.

Катышуучулар:

  • Айданбек Акматов — Саясий серепчи;
  • Максат Чаки — Конституциялык кеңешменин мүчөсү;
  • Абдыкадыров Замир — «Кыргызстандын прогрессивдүү жаштар партиясынын» лидери.

Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун кароого киришти.

Парламенттик же президенттик башкарууну аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров иштеп чыккан.

Анын айтымында, эгер референдум 10-январда, президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү өтсө бюллетен басып чыгарууга 4 миллион сомдон ашуун, эгер өзүнчө өтсө 450 миллион сомго чейин каражат талап кылынат.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары конституциялык референдум өткөрүүгө байланышкан мыйзам долбоору жалпы сессияга комитетте тийиштүү түрдө каралбастан регламент бузуу менен сунушталганын айтышууда.

Эске салсак, 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктан улам өлкөдө бийлик алмашкан.

Количество просмотров: 396