• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Майдан: “Президент отставкага кетти, өлкөнү ким башкарат?” (Түз эфир)

15 Тогуздун айы 2020 18:02 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-октябрда, өлкөдөгү коомдук-саясий абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, оставкага кетти.

Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы чукул жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын өкмөт башчылыгына бир добуштан шайланып, өкмөттүн сунушталган курамы жана түзүмү жактырылды.

13-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда кворум болуп, Канатбек Исаев спикерликке 78 добуш менен шайланган. Мыйзам боюнча, президент кызматтан кеткенде анын милдетин парламент спикери аткарат. Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев өз арызы менен президенттин милдетин аткаруудан баш тартканы тууралуу маалымат тарады.

Бүгүнкү «Майдан» дебаттарында «Президент отставкага кетти, өлкөнү ким башкарат?» деген теманын айкагында сөз болмокчу.

Катышуучулар:

Исхак Масалиев – Жогорку Кеңештин депутаты;
Алмаз Тажыбай — саясий серепчи;
Мелис Аспеков — С. Жапаровдун тарапташы, саясатчы;
Азамат Темиркулов — саясий илимдердин доктору.

Количество просмотров: 2553