• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Майдан: Прокуратура жаңы жаза кодекстер менен өз укуктарын күчөттүбү? (Түз эфир)

10 Кулжа 2021 18:04 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура бир катар мыйзамдарды жана кодекстерди өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизди.

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы программаларынын жетекчиси Никола Скарамуццонун айтымында, жаңы кодекстер тийиштүү анализ жүргүзүлбөстөн, концепциясы же стратегиясы жок бойдон, жакшы талкууланбай, жарандык коом жана эксперттер кошулбай эле шашылыш кабыл алынып жатат. Бул соңку жети жылдан бери соттук-укуктук реформа алкагында киргизилип келе жаткан бардык прогрессивдүү жетишкендиктерге коркунуч жаратып, адам укуктарынын бузулушуна алып келиши ыктымал.

Өзгөртүлгөн долбоордо мурдагы беш кодекстин ордуна төртөө гана калтырылган. Ага ылайык, Жоруктар кодекси жокко чыгарылып, андагы 123 берене башка кодекстерге киргизилген.

Прокуратура Конституция менен укуктарын кеңейтип алган. Тергөөдөн башка менчиктин түрүнө карабастан, ишкананын каржысына, чарба субьектисине көзөмөл кыла алат. Дагы, бизнес форумда айтылды, салыкты плансыз текшерүүнү Кылмыш кодексине киргизип коюптур. Бул укуктарын кеңейткендик эмеспи, деп эксперттер суроо узатышат.

«Прокуратура жаңы жаза кодекстер менен өз укуктарын күчөттүбү? деген темадагы Майдандын катышуучулары:  

Камолидинов Сирожиддин Дилаворжанович Башкы прокуратуранын башкармалыгынын ага прокурору

Турдукан Жумабекова Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты

Аслан Кулбаев Касымалиевич юридика илимдеринин кандидаты Жоошбаев Усубалы Тургунбаевич ИИМдин ардагери

Количество просмотров: 1923