3-май — Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү. Лондондогу The Economist Intelligence Unit (EIU) уюмунун демократия тууралуу дүйнөлүк рейтингинде Кыргызстан соңку бир жылда сегиз орунга артка кетти. Сөз эркиндиги боюнча «Фридом Хаус» уюму Кыргызстанды Казакстан сындуу толук эркин эмес өлкөлөрдүн катарына кошту. Бийлик өкүлдөрү эл аралык уюмдун мындай баасы менен макул эмес.
«Сөз эркиндигинин азыркы абалы» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары менен тааныштырып өтөлү: