Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров 21-октябрда расмий билдирүү таратып, бүгүндөн тартып өлкөдө экономикалык мунапыс жарыялады.
Жапаровдун мындай кайрылуусун коомчулук ар кандай кабыл алды. Учурда бул тууралуу ача кептер да айтылууда.
Ошол эле учурда кармалган Раимбек Матраимов 2 млрд сом өлчөмүндө келтирген чыгымды төлөөгө даяр экендигин айтып, камактан чыкты.
«Садыр Жапаров миллионерлерди кантип кустурат?», деген тема бүгүн Майдандын талкуусунда.
Талкуунун катышуучулары:
Эмиль Сыдыков «Реформа» партиясынын мүчөсү;
Каныбек Осмоналиев коомдук ишмер;
Бакыт Бакетаев саясий серепчи;
Шаирбек Маматокторов журналист.