• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Майдан: Шайлоонун арты чыр менен коштолду. Жыйынтыгы кандай болот? (Түз эфир)

22 Чын куран 2021 18:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 18-апрелдеги жыйында НДПК партиясын шайлоодон четтетүү тууралуу чечим кабыл алды. “Добуш сатып алуу аракети болгон”; делген себеп менен партия шайлоо процесинен чыгарылды. Партия макул эместигин билдирип, БАШКнын чечимин сот аркылуу жокко чыгаруу иш чараларды көрүп жатат.

Ошол эле убакытта, НДПКдан тышкары босого чектен өткөн эки партиянын үстүнөн да арыз түшкөн. Калыстык болуш үчүн алардын да жоопкерчилигин карап чыгуу керек дегендер жок эмес. Бирок Аймактык жана Борбордук шайлоо комиссияларынын чечимин сот күчүндө калтырабы-жокпу бул башка маселе.

НДПК саясий партиясына берилген добуштар жокко чыгарылса, буга байланыштуу жалпы берилген добуштардын 7% босого чеги да азайышы мүмкүн. Ошондуктан артта турган партиялардын добуштарын да карап чыгарылат.

Мындан тышкары тогуз партия «Ата-Журт Кыргызстанды» Ташиевге байланыштырды, жана бул партияныда шайлоодон четтеттүү маселесин көтөрдү, арызды БШКга карап жатат.

Майдан дебатында «Шайлоонун арты чыр менен коштолду. Жыйынтыгы кандай болот?» деген тема талкууланат.

Майдандын катышуучулары:

  • БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев;
  • Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов;
  • Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясын мүчөсү Илим Карыпбеков;
  • БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова;
  • Серепчи Алмаз Тажибай.
Количество просмотров: 955