Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 12-июлда кол койду. Мектеп директорлору беш жылдык мөөнөткө дайындалып, беш жылдан ашык иштеген жетекчилер кызматынан бошотулмай болду. Кыргызстанда 2162 мектеп бар, 996 директор кызматтан алынып, конкурс жарыяланат.
«Түшпөс мүдүр болбойт. Мектептеги ротация талкуу жаратты» деген темадагы «Майдандын» катышуучуларын тааныштырып өтсөк:
Алмаз Токтомаметов — Билим берүү министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору;
Атаева Сайрагүл — №69 мектептин директору;
Анара Абдраимова — №24 мектептин директору
Алмаз Тажыбай — эксперт.