• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Майдан тарта электр энергиясына болгон тарифти көтөрүү сунушталууда

19 Жалган куран 2024 11:28 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинети май айында электр энергиясына болгон тарифти кайра карап чыгат. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Тарифтерди жөндөө мурда июндан тарта башталары айтылса, азыр аны май айынан баштоону сунуштап жатышат. Азырынча электр кубатынын баасы канчага көтөрүлөрү айтылган эмес, бирок токтом долбоорунда 2025-жылга чейинки баа инфляцияга жараша өзгөрөрү белгиленген.

Өкмөт бул кадам «электр энергиясынын тартыштыгынын шартында керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жабдуу, энергия менен жабдуучу ишканалардын чыгымынын ордун толтурууну камсыз кылуу максатында» жасалып жатканын маалымдаган.

Количество просмотров: 85