• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Майдан: Тажикстандын агрессиясы. Реакция кандай болушу керек? (түз эфир)

20 Аяк оона 2022 15:26 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын кол салуусунда 59 адам мерт болуп, дагы 185 киши жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү. Алдын ала эсеп боюнча 300 объект талкаланды. Өлкөдө бул окуяларга байланыштуу 19-сентябрда аза күтүү күнү жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу расмий билдирүү таратып, Тажикстандын агрессиясын алдын ала пландалган куралдуу акт катары баалай тургандыгын билдирди.

«Тажикстандын агрессиясы. Реакция кандай болушу керек?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

Токон Мамытов — Экс-вице-премьер-министр, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы;

Таалайбек Жумадылов — УКМКнын ардагери;

Канатбек Азиз — Президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору

Данияр Сыдыков — Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.

Количество просмотров: 3487