• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Майдан: Трамптын реформалары. АКШнын саясаты Кыргызстанга кандай таасирин тийгизет? (Түз эфир)

5 Бирдин айы 202516:26 Бишкек Govori.TV

20-январда инаугурация күнү АКШнын президенти Дональд Трамп 42 буйрукка кол койду, алардын биринде АКШнын чет мамлекеттерге, бейөкмөт жана эл аралык уюмдарга жардам көрсөтүү боюнча бардык программаларын 90 күндүк мөөнөткө токтотуу каралган.

24-январда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Мамлекеттик департамент менен АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигине (USAID) алардын тийиштүү программалары каралмайынча чет элдик жардам көрсөтүүгө тыюу салган директиваны чыгарды. Бул эки департамент АКШ тарабынан берилген тышкы жардамдын 90%га жакынын түзөт: 2023-жылы USAID аркылуу 42,5 миллиард доллар, ал эми Тышкы саясат департаменти аркылуу 18,9 миллиард доллар бөлүнгөн.

Океандын ары жагында болуп жаткан окуялар бизге эмнеси менен кызык жана АКШнын президентинин чечимдери Кыргызстанга кандай таасир этиши мүмкүн? Бул тууралуу Майдан дебатында.

Майдандын катышуучулары:

  • Айбек Теңизбай — саясат талдоочу;
  • Бактыбек Жумагулов — саясий серепчи;
  • Бурул Усманали — жарандык активист;
  • Уран Чекирбаев — эксперт, эл аралык экономика жана бизнес боюнча Борбордук Азиянын эл аралык университетинин окутуучусу.

Кыргызстанда, USAIDдин сайтында (азыр жеткиликтүү эмес) 132,8 миллион долларлык 11 долбоор ишке ашырылууда. Булар негизинен көп жылдык программалар, алардын бюджети бир нече жылга эсептелген. USAIDдин долбоорлору «Агросоода»; «Жигердүү жарандар»; «Ийгиликтүү аймак 2»; «Атаандаштыкка жөндөмдүү ишкана»: «Окуу керемет!»; Кургак учукка каршы долбоор;  «Жашыл чечимдер» жана башка долбоорлор.

АКШ иммиграция көзөмөлүн күчөтүп баштады. АКШда жашаган кыргызстандык иммигранттардын саны 30-50 миңге жетет. Расмий эмес маалымат боюнча 76 минден ашат. АКШ Кыргызстандын 319 жаранын депортациялоону пландоодо.

Количество просмотров: 805