Жогорку Кеңештин сайтына мамлекеттик символдор жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоор коомдук талкууга коюлду. Анын авторлору – парламент төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов.
Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртууга багытталып жатат. Алардын пикиринде, азыр туунун ортосундагы түндүктүн жана тегерегиндеги күн нурларынын сүрөтү “күн караманы же боз үйдүн тышкы бетин элестеткен диллеманы пайда кылууда”.
“Ошондуктан күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат” деп белгилешти авторлор.
Бул демилге коомчулукта нааразы пикирлерди жаратты. Буга чейин дагы тууну өзгөртүү боюнча бир нече жолу сунуштар айтылып, талаш-тартыштар жаралып келген.
«Тууну өзгөртүү сунушу талаш жаратты?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары: