Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары Москвада бул саясий-аскердик бирикменин мааракелик жыйынына чогулду. Анда бир катар биргелешкен документтерге кол коюлду.
«ЖККУнун Борбор Азиядагы ролу кандай?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары менен тааныштырып өтөлү:
Орозбек Молдалиев — Коопсуздук маселелери боюнча адис;
Эмил Жураев — саясат таануучу;
Табылды Акеров — саясат таануучу;
Бакытбек Жумагулов — саясат таануучу.
Жамааттык коопсуздук тууралуу келишимге 1992-жылы Ташкентте кол коюлуп, бирок кийин Өзбекстан, Азербайжан, Молдова жана Грузия андан чыгып кеткен. Орусия, Беларус, Казакстан, Армения, Кыргызстан жана Тажикстан 2002-жылы келишимди улантып, аны саясий-аскердик уюмга айлантуу боюнча макулдашууга жетишкен.
ЖККУнун максаты анын уставында келишимдин катышуучу өлкөлөрүнүн территориалдык-экономикалык мейкиндигин армиялардын жана жардамчы бөлүктөрдүн биргеликтеги күчү менен тышкы согуштук-саясий агрессорлордон, эл аралык террористтерден, ошондой эле чоң масштабдагы жаратылыш кырсыктарынан коргоо деп көрсөтүлгөн. ЖККУ уюмга мүчө өлкөлөрдүн суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн коргойт жана ички ишине кийлигишпейт.