Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы 2015-жылы күзүндө шайланып, КСДП, «Республика — Ата-Журт», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Бир Бол», «Ата Мекен» фракциялары парламентке келген. 2020-жылы 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразылыгынан улам жокко чыгарылып, өлкөдө бийлик алмашкан. Жогорку Кеңеш ыйгарым укуктарын бир жылга узарткан. Парламенттин 6-чакырылышы алты жылдык ишинде эки жолу референдум аркылуу Баш мыйзамга өзгөртүү киргизди, үч президент менен иштеди.
«Жогорку Кеңештин VI чакырылышына кандай баа берет элеңиз?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары менен тааныштырып өтөлү: