Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун ордуна Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы түзүлдү. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сабырбек Жумабековду кызматынын бошотуп, жаңы түзүлгөн оорукананын башчысы болуп Гулия Кожокматова, ал эми башкы дарыгер кызматына Дамир Дүйшөнов дайындалганын кабарлады. Бул арада Жумабеков кызматынан кетпей турганын билдирди. Жумабеков менен Бейшеналиев соңку кырдаалга байланыштуу бири-бирин айыптап жатат.
«Жумабеков vs Бейшеналиев. Акыйкат ким тарапта?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары менен тааныштырып өтөлү: