• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Майлуу-Суу шаарынын тургундарына ичүүчү суу толук кандуу бериле баштады

25 Үчтүн айы 2023 16:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-январдан тарта Майлуу-Суу шаарынын тургундарына ичүүчү суу толук кандуу бериле баштады. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирет.

Маалыматка ылайык, 15 чакырым аралыктагы суу түтүкчөлөрү ӨКМдин өздүк курамы жана шаар суукана ишканасынын кызматкерлеринин жардамында эритилди.

Эске салсак, Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы катуу сууктун кесепетинен 12-январь күнү шаардын калкына таза суу берүү үзгүлтүккө учураган. Суу берүү системасынын башкы суу сактагычында жана суу берүүчү түтүктөрдө суулар тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн.

Мындан улам шаарга берилүүчү суунун көлөмү азайгандыктан, Майлуу-Суу шаарын жылуулук менен камсыздаган №1, №3, №4 отказандардын жылуулук берүү системаларына суу толук келбей, жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган.

Майлуу-Суу шаарынын аймагында III ордук даражасындагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Количество просмотров: 65