• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Майлуу-Суудагы кырдаал: Келтирилген чыгым 43 миллиондон ашты

30 Үчтүн айы 2023 15:09 Бишкек Govori.TV

Майлуу-Суу шаарында таза суу жана жылуулук берүүнүн токтошунун кесепетинен улам мамлекетке 43 миллион 821 миң 843 сом зыян келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, инженердик кызматтардан келтирилген зыян 15 миллион 377 миң 910 сомду, калыбына келтирүү иштеринин суммасы 1 миллион 834 миң 628 сомду, экономикалык зыян 26 миллион 609 миң 304 сомду түзгөн.

Эске салсак, 12-январда катуу сууктан улам Майлуу-Суу шаарынын калкына таза суу жана жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган. Буга байланыштуу 13-январда шаарга өзгөчө кардаалдар режими киргизилген. Арадан 11 күндөн кийин 23-январда бардык от казандардын иши калыбына келтирилген.

Количество просмотров: 196