• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Майлуу-Сууда №4 отказанды иштетүү боюнча иштер жүрүүдө

17 Үчтүн айы 2023 11:40 Бишкек Govori.TV

Майлуу-Сууда №4 отказанды иштетүү колго алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган отказан шаардын 198 абонентин жылуулук менен камсыздайт.

17-январь саат 10:00гө карата Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жергиликтүү тургундарды таза суу жана жылуулук менен камсыз кылуу боюнча тынымсыз иш алып барылууда.

Учурда калаадагы 198 абонентти жылуулук менен камсыздаган №4 от казанга атайын электр линиясы тартылып, насос орнотулуп, Майлуу-Суу дарыясынан от казанга сууну сордуруу жолу менен иштетүү боюнча жумуштар жүрүүдө. Бүгүн да калкты тиричиликке керектүү суу менен камсыздоо максатында ӨКМдин 4 өрт өчүрүүчү унаасы жана Жергиликтүү бийликтин 2 суу ташуучу унаасы менен ичүүчү таза суу ташып берүүдө.

Ошондой эле ППУ (атайы пар берүүчү) унаасы менен №4 отказандын кээ бир тоңуп калган системаларын жана Кутманова көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйлөргө жылуулук берилүүчү сыртта жайгашкан тоңуп калган суу түтктөрүн ээритүү иштери аткарылды.

Жеринде ӨК министринин орун басарлары полковник Урматбек Шамырканов жана Эделбек Кулматов министрликтин жана ЖК кызматтарынын атайын тобун жетектеп, ыкчам түрдө тиешелүү демилгелерди көтөрүү менен тапшырмалардын аткарылышын тыкыр көзөмөлгө алышууда.

Эске салсак, Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы катуу сууктун кесепетинен 12-январь күнү шаардын калкын таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Шаарга берилүүчү суунун көлөмү азайгандыктан Майлуу-Суу шаарын жылуулук менен камсыздаган №1, №3, №4 отказандын жылуулук берүү системаларына суу толук келбей, жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган.

Ал эми 13-январь күнү Майлуу-Суу шаарынын аймагында III ордук даражасындагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Количество просмотров: 72