• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров: Майлуу-Суудагы авариянын себептери иликтенет

18 Үчтүн айы 2023 17:21 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна келип, 2023-жылдын 13-январында өзгөчө кырдаал режими (ызгаардуу аяздан улам шаардагы суу түтүктөрү тоңуп, натыйжада турак жайларга жылуулук жана таза суу берүү токтотулган) жарыяланган Майлуу-Суу шаарына барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Өзгөчө кырдаал орун алган жерге келген Министрлер Кабинетинин Төрагасы жылуулук тармактарындагы оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышып, жергиликтүү бийлик органдары жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте жергиликтүү калкты жылуулук жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды.

Министрлер Кабинетинин башчысы суу түтүктөрүндөгү авариянын келип чыгуу жагдайларын, анын ичинде шаардык коммуникациялардын алдыдагы кышка даярдалбай калышынын себептерин тыкыр иликтөөнү тапшырды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле гуманитардык жардамды чыгарып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүнү жана суу жылыткычтарды берүү үчүн үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзүүнү тапшырды.

Андан соң Министрлер Кабинетинин башчысы жылуулуксуз калган батирлерди кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

«Ушул ызгаардуу суукта сиздер кыйын кырдаалга кабылып турасыздар. Сиздер жалгыз эмессиздер. Биз жылуулук жана суу берүүнү тез арада калыбына келтирүүгө болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Кошумча трансформаторлор орнотулуп, суу кезеги менен ар бир үйгө жеткирилип жатат. Кырсыктын келип чыгуу себептери дыкат иликтенет. Прокуратура органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, күнөөлүүлөр жоопко тартылат», — деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы жана оңдоо иштерине бюджеттен 20 млн сом бөлүнөрүн кошумчалады.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов жылуулук түтүктөрүнүн 70%дан ашыгынын эскилиги жеткенин билдирди. Жылуулук тармактарындагы бузулууларды оңдоого оперативдүү оңдоо бригадалары тартылган.

Количество просмотров: 117