• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Майыптар арабасында олтуруп, өзү сүйлөй албайт… Назарбаевдин азыркы абалы айтылды

25 Теке 2022 17:44 Бишкек Govori.TV

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы Болат Назарбаевдин абалы оор. Бул тууралуу «Express K» порталы маалымат таратты.

Маалыматта айтылгандай, аталган сайтта Казакстандын биринчи президентинин иниси Болат Назарбаевдин ден соолугунун оор абалы тууралуу материал жарыялангандан кийин редакцияга анын кызы Гүлмира кайрылган. Назарбаевдин үй-бүлөсү алгачкы жолу 69 жаштагы Болат Абишевичтин чыныгы абалы тууралуу айтып берүүнү чечкен.

«Биринчи президенттин иниси Алматыдан анча алыс эмес Шамалган айылында жашайт. Маалым болгондой, бул жерде алар туулуп-өскөн. Мында алардын “кара шаңырагы” – ата-энелер үйү бар. Биринчи президенттин инисинин абалы өтө оор экени талашсыз. Трахеостомиялык түтүк көрүнүп турат, ал дем алууну жеңилдетет, тамырларга катетер орнотулган, ал өз алдынча кыймылдап жана сүйлөй албайт.

Бир нече күн мурун Болат Назарбаев дагы бир МРТдан өттү. Бир аз начарлоо аныкталган — омурткадагы сезгенүү. Жубайы Динара айткандай, акыркы убакта бели ооруп, уйкусу бузулуп, эки-үч күндөн бери уктай албай, ар кандай ооруну басаңдатуучу дарыларды тынымсыз сайып турууга туура келет. Анын кызы Гүлмира: «Ал баладай, биз аны ымыркайдай багып жатабыз» деп билдирди», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, январдын башында мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагасы кызматынан кеткенден кийин Болат Назарбаев үй-бүлөсү менен чет өлкөгө учуп кеткени кабарланган.

Количество просмотров: 47088