Бишкекте майыптыгы бар адамдардын жөө жүрүшү өттү.
«Кыргызстандын татыктуу келечеги үчүн!» деген ураандын астында майыптыгы бар адамдар өз көйгөйүнө көңүл бурдуруу үчүн бул иш-чараны уюштурушкан.
Ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Эмгек, социалдык өнүктүрүү министрлигинин орун басары Кыял Жанузакова да катышты.
Бишкек мэри Жунушалиев майыптыгы бар адамдарга ар дайым колдоо болорун баса белгиледи. Баш калаанын жолдорун ондоп түзөөдө да атайын пандустар жасалып жатат деп кошумчалады.
Иш-чаранын жүрүшүндө эстрада жылдыздары майрамдык концерт тартуулашты. Катышуучулар шаар аралап жөө жүрүш кылышып, Токмокту көздөй узап кетишти.