• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Максат Чаки: Өкмөттүн өзгөчө абал киргизүү системасы толугу менен эффективдүү эмес болду

8 Бугу 2020 16:12 Бишкек Govori.TV

Өкмөттүн өзгөчө абал киригизүү системасы толугу менен эффективдүү эмес болду. Мындай пикирин «Ордо» саясий партиясынын мүчөсү Максат Чаки Govori.TVнын «Майдан» көрсөтүүсүндө айтты.

Анын айтымында өзгөчө абал режими Бишкек шаарында биринчилерден болуп киргизилген, бирок оорунун жайылышы токтобой эле күчөп жатат.

«Биз өзгөчө кырдаалды киргизип жатканда коронавирус инфекциясы менен 14 гана учур катталыптыр. Мындан улам 14 учурга өзгөчө кырдаал режимин киргизүү керек беле деген суроо жаралат. Ал эми андан эки күн өтпөй эле 16га көбөйсө биз паника болдук да өзшгөчө абалды киргизип салдык. Биз алгач карантин киргизип, эл өзунун оокатын кылып жатат, өлкөгө кирип жана чыгып жаткандарды көзөмөлгө алып, алгач жумшак ыкмаларды кылып, эгер анан ал пайда бербесе кырдаалды киргизип, эгер ал да такыр жыйынтык бербесе ошондо гана оор түрү катары өзгөчө абалды киргизип, баарын чектеп салсак болмок. Ал эми биз а дегенде эле баарын камап салдык», — деди ал.

Количество просмотров: 256