• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Максат мектебине канча чыгым келтирилген?

20 Аяк оона 2019 17:44 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыркаган Лейлек районундагы Максат орто мектебине келтирилген материалдык зыян эсептелип, акт түзүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, орто мектепке келтирилген жалпы чыгым 129 миң 500 сом деп аныкталган.

Эске салсак, 16-сентябрда Лейлек районунун Максат айылында кыргыз-тажик чек ара аймагында болгон куралдуу кагылыштан мектеп, бир канча курулуш жана унаалар жабыркаган.

Количество просмотров: 54