• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Максат мектебинде окуу процесси жанданды

20 Аяк оона 201910:11 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Максат орто мектебинде окуу процесси жанданды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

«Мектепте жалпысынан 196 окуучу билим алат, бүгүн 50 бала сабакка келген. Калгандары кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кийин коңшу айылдардагы туугандарынын үйүнө кеткендиктен келе албай калышкан»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасында болгон ок атышуудан кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жаракат алган.

Количество просмотров: 63