• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Максаттагы оңдолгон мектеп кайра талкаланды

22 Аяк оона 2022 11:52 Бишкек Govori.TV

Баткендин Максат айылындагы мектепти тажик тарап кайрадан өрттөп, талкалашты. Бул тууралуу Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы Өскөнбай Ташбалтаев билдирди.

«Ичинде окуучулар болгон эмес, аларды ага чейин эвакуациялап, айылдан алып чыгып кетишкен»,-деди ал.

Белгилей кетсек, бул билим берүү мекемесин тажик аскерлери экинчи ирет талкалап жатат. Өткөн жылдын сентябрь айында пайдаланууга берилген.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын жараныбыз чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 59 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) каза болуп, 198 киши жабыркады.

Количество просмотров: 108