• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Максим Моисеев жалындан элди куткарып жатып өзү каза болду

6 Бугу 201918:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.05.2019.Govori.TV.

“Sukhoi Superjet 100” бортундагы өрттөн 22 жаштагы борт коштоочу Максим Моисеев каза болду. Ал өмүрүнүн акырына чейин жүргүнчүлөрдү куткаруу менен күрөштү. Белгилүү болгондой Моисеев өрт каптаган учактын арткы тарабында иштечү. Жаш стюард чыгууну тездетүү максатында экинчи эшикти ачууга аракеттенип, тилекке каршы ийгиликсиз болду.

Максимди жакындан  бирген  кесиптеши “Ал абада иштөөнү кыялданчу. Максим учакка эмес, кесиптин өзүнө кызыкчу”,-деп эскерет.

Айта кетсек, «Аэрофлот» компаниясынын учагы «Шереметьево» аба майданынан чукул конууга аргасыз болуп, күйүп кеткен.  Учактагы 78 адамдан 41 жүргүнчү каза болду. 

Количество просмотров: 14