Бишкек.19.02.18.Govori.TV
19-февралда Аламүдүн районунун Восток айылындагы мал фермада иштеген аял өзү төрөгөн баласын баштыкка салып, дивандын алдына катып койгон. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз борбору Govori.TV агенттигине билдирди.
Бул маалымат ӨКМ куткаруучуларына «112» кызматы аркылуу түнкү саат 1:30дар чамасында айылдын тургундарынан келип түшкөн.
Анда «Восток айылынын «Александр» мал багуу фермасында иштеген 1986-жылы туулган Н.В аттуу аял өзү төрөп, төрөгөн баласын дивандын астына атайын баштыкка салып катып койгон» -деп жазылат.
Баштыкка салынган бала каза болуп калган. Чүй ОБИИМдин кызматкерлери каза болгон бала менен аялды оорукана алып кетишкен.
Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.