• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Малик Аликеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Таласта өтөт

18 Үчтүн айы 202311:14 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 19-январда өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Маалым болгондой, ырчыны акыркы сапарга узатуу иш-чарасы саат 10:00дө киндик каны тамган Талас облусунун Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында өтөт.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев 17-январда 53 жаш курагында оорунун айынан дүйнөдөн кайтты. Малик Аликеев эл арасында “Мөлмөлүм”, “Арзыкан”, “Таласым” ырлары менен таанымал болгон.

Количество просмотров: 525