Ырчы Малик Аликеевдин эки жолку операциясы ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, Малик Аликеевдин жамбаш сөөгүнө эки жолу операция жасалып, ийгиликтүү жыйынтыкталган. Жакынкы күндө ырчы ооруканадан чыгат.
Белгилей кетсек, Малик Аликеев Бишкек шаарындагы №4 оорукананын Травматология жана ортопедия бөлүмүндө дарыланып жатат.