Соцтармакта белгилүү ырчы Малик Аликеевдин комуздун коштоосунда ырдаган видеосу тарады.
Мындан көп узабай, коомчулукта ырчынын ооруп төшөктө жатканы айтылды. Ал эми Малик Аликеевдин продюсери Чынара Итигулова жергиликтүү басылмалардын бирине Аликеевдин жарым жылдан бери жамбаш сөөгү сынып, дарыланып жатканын билдирген.
Бул маалымат учурда кеңири талкууланып, ырчыга ден-соолук каалагандар арбын. Ошондой эле интернет колдонуучулардын көпчүлүгү анын эмгеги бааланбай жатканы тууралуу түрдүү пикирлерди калтырышууда.
Малик Аликеев элге «Мөлмөлүм», «Арзыкан», » Таласым» атуу ырлары менен белгилүү.