• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мамашова: Карантин башталгандан бери гемодиализдеги 15 бейтап каза болду

15 Чын куран 2020 14:23 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө өзгөчө абал режими киргизилгенден бери Кыргызстанда гемодиализдеги 15 бейтап көз жумган. Бул тууралуу  бүгүн, 15-апрелде депутат Айсулуу Мамашова парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бюджеттин эсебинен гемодиализ алууга дагы 150дөй киши кезекте турат.

«Бул бейтаптар гемодиализге байланган. Мындай кызматты көрсөткөн жеке менчик клиникалар бардык жабдуу, каражаттарды чет мамлекеттен алып келет. Бул бейтаптарга жардам же компенсация берүү маселесин чечсе болобу? Азыр доллардын курсу өсүп, анын кызмат көрсөтүү акысы да кымбаттады», — деди эл өкүлү.

Ал эми саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов фирмалар менен сүйлөшүп, компенсация маселесин чечип берүүнү айтты.

Количество просмотров: 628