Жогорку Кеңеш жана президенттин иш кеңсеси жайгашкан имаратка сырттан келгендерди киргизүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу 11-мартта парламенттин жалпы жыйынында белгилүү болду. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Айсулуу Мамашова жеке пикирин билдирди.
Анын айтымында, Жогорку Кеңеш жана президенттин иш кеңсеси жайгашкан имаратка сырттан келгендерди киргизүү убактылуу токтотулганы коронавируска байланыштуу.
«Баарыбызга белгилүү болгондой бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө коронавирус орчундуу маселеге айланды. Аталган илдет Европа өлкөлөрүнөн башка мамлекеттерге дагы кеңири тарап жатат. Ошондуктан Кыргызстанга да келиши мүмкүн»,-деди Мамашова.