Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүчү тууралуу өз пикири менен бөлүштү.
Депутаттын айтымында, Акаев президент болуп туган учурда элдин жашоосун жакшыртууга жетишерлик иш жасай алган эмес.
“Мен өлкөдө жок болгонумдан улам анын аргументтерин окуй элекмин. Бирок жеке менин оюмча, ал өлкө башчысы катары колунан келе турган иштерди жетишерлик кыла алган жок. Мен биримдиктин ыдырашы (ред: СССР) жана башка жагдайлар болгонун түшүнөм, бирок башка өлкөлөр туура багыт ала алышты жана бүгүн бизден алда канча алдыда. Анын тушунда өөрчугөн коррупция менен бандитизм режимин бүгүн гана тамыр менен кесип жатабыз. Миллиондогон үй-бүлөлөр ачарчылыкта, миграция, коррупция, бандитизм – мунун баарын бир заматта унутууга болбойт. Жеке мен азырынча муну кабыл алууга даяр эмесмин. Бир эле Кумтөрдү алсак. Карапайым эл үчүн олуттуу иш кылсын. Жок дегенде 7 аймакта кеминде экиден завод ачсын», -деди депутат Мамталиев.
Аскар Акаев Жогорку Кеңешке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп кат жибергени 5-сентябрда малымдалган. Бул маалыматты Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Чолпон Султанбекова ырастап, “Маселе дароо эле күн тартибине чыкпайт. Биринчи фракциялар, алардын лидерлери жана депутаттар менен сүйлөшүүлөр болот. Андан кийин маселе кайсы күнү күн тартибине коюлганын айтабыз”, — деп билдирген.
Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган. Ал өлкөдөн чыгып кеткен.
2022-жылы Акаев Кыргызстанга эки жолу келип, УКМКга Кумтөр боюнча сурак берген. Башкы прокуратура кийин ага тагылган айыптардын баары мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын билдирген.