• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Маматалиев: Иш таштаган айдоочуларды лицензиясынан ажыратуу керек

3 Кулжа 2021 16:50 Бишкек Govori.TV

Иш таштаган айдоочуларды лицензиясынан ажыратуу керек. Мындай пикирин эл өкүлү Марлен Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, келечекте маршруттук таксилердин ишмердүүлүгүн токтотуп, автобустар менен троллейбустарга өтүү мезгили келет.

«Албетте, айдоочулардын иш таштаганы терс көрүнүш. Алардын мындай кадамдарга барууга толук укугу бар, бирок элди кыйнабай өз талаптарын Жогорку Кеңешке, мэрияга түшүндүрүп айтышса болмок. Бүгүнкү күндө автобустарды алып келүү маселеси каралып жатат. Борборго 300 жаңы автобус алууга тендер жарыяланып, каражат бөлүнүптүр. Буларды ишке ашырып аягына чыга турган болсок, көйгөй чечилет. Эл кыйналып жаткан учурда ультима́тум койгондорду лицензиясынан ажыратуу керек. Жол кирени көтөрүүдөн мурда айлык акы, пенсия маселесин эске алуу зарыл. Бүгүнкү күндө тарифти көтөрүү маселеси турбаш керек. Көтөрүлсө дагы сүйлөшүүгө барып, бир келишимге келген оң»,-дейт Маматалиев.

Белгилей кетсек, бүгүн, 3-июнда да Бишкектеги жүргүнчү ташыган маршруттук таксилер каттамга чыккан жок. Алар 2-июнда иш таштап, жол кире акысын котөрүүнү талап кылууда.

Количество просмотров: 214