• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Маматалиев: Өлкөдө 30дан ашуун өкмөт башчы алмашканы жакшы көрүнүш эмес

1 Бирдин айы 202117:58 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө 30дан ашуун өкмөт башчы алмашканы жакшы көрүнүш эмес. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев билдирди.

«Биздин эгемендүүлүгүбүздө 30 өкмөт башчынын алмашуусу жакшы көрсөткүч эмес. Эми жалпы эл баардык ишке бир гана президент жооп берсин деп тандап алды. Эми мен ойлойм мындан ары жаңы мыйзам менен өкмөт туруктуу жумуш алып барат. Ал эми бүгүнкү өкмөт башчыны тандоо формалдуу эле болуп калды, себеби биз азыркы мыйзам менен жашап жатабыз. Бирок азыркы кадр бир күндүк же убактылуу эмес мындан ары да иштеп кете ала турган адам деп жатабыз», — дейт ал.

Количество просмотров: 121