• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Маматалиев: Ворух жолу чечилсе, башка маселелер жөнгө салынмак

15 Кулжа 2022 15:03 Бишкек Govori.TV

Ворух жолу чечилсе, башка маселелер жөнгө салынмак. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев билдирди.

«Чек ара курч жана бир тараптуу чечилбей турган маселе. Кыргызстан тараптан тийиштүү иш- аракеттер жүрүп жатат. Деген менен бир күндө чечилип калат дегенден алыспыз. Биз 1 метр жер бербейбиз десек, алар дагы ушундай пикирде. Тажик тарап 1924-жылдагы картаны сунуш кылууда. Анда Мургаб менен Жерге-Тал бизге өтүшү керек деген контраргументтерди берип жатабыз. Ворухка кеткен жолду өзүбүз курушубуз керек»,-деди эл өкүлү.

Эске салсак, Баткен районунун Булак-Башы аймагында 14-июнда таңга жуук кыргыз-тажик чек арасында ок атылган. Кыргызстандын чек ара кызматы тажик чек арачылары биринчи ок атканын, ага жооп катары кыргыз чек арачылары асманга ок чыгарганын, андан кийин тажик чек арачылары миномет жана гранатомет менен атканын билдирген.

Количество просмотров: 416