• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мамдума армия жөнүндө «фейк» тараткандарды эркинен ажыратуу тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды

4 Жалган куран 2022 16:20 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик Дума Украинадагы орус аскерлеринин аракеттери тууралуу «фейк» маалымат таратуу үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алды.

Кеп «АКШнын жана башка мамлекеттердин кастык мамилелерине каршы туруу чаралары тууралуу» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жөнүндө болууда. Ага ылайык, Кылмыш кодексине жаңы берене кошулат. Армиянын ишмердүүлүгү тууралуу жарандын тараткан маалыматын сот «жалган» деп тапса, ага айып пул салынат же үч жылга эркинен ажыратылат. Ошол эле маалда ал жаран кызмат абалын пайдаланып, жаман ниет менен «жасалма түрдө далилдерди түзсө», анда 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн. Эгер «жалган» маалымат оор кесепеттерге алып келсе, аны тараткан адам 15 жылга соттолот.

Мыйзам долбоорунда «Орусиянын кызыкчылыктарын коргоо үчүн орус аскерлерин колдонууга каршы чакырык жасоо үчүн» алгач административдик жоопкерчиликке тартуу, дагы кайталанса үч жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда. Мындай жаза Орусияга каршы санкцияларды киргизүү чакырыктары үчүн да каралган.

4-мартка караган түнү Орусияда бир нече ЖМКнын, анын ичинде «Свобода» радиосунун сайты, ошондой эле Facebook жана Twitter социалдык түйүндөрү бөгөттөлдү.

Количество просмотров: 122