Инстаграм социалдык байланыш тармагында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун атын колдонуп, чындыкка дал келбеген маалымат тарап жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жазды.
«Анда Финансы министрлиги каржы табуу долбоорун жарыялап, 900 миң сомдон киреше тапса болорун, ал үчүн кайсы бир телеграм каналга жазылуу сунушун берип жатышат. Урматтуу интернет колдонуучулар, мамлекеттик кызматтын жетекчилери жана алардын жакындарынын атын пайдаланып, оңой эле киреше табуу сунуштары менен жарыяланган маалыматтар жалган экенин эскертебиз»,-деп жазылат маалыматта.