• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мамкаттонун жетекчисине окшош делген адам 1 номерди 5 башка унаага тагып айдаганбы?

5 Бештин айы 2019 10:40 Бишкек Govori.TV

Интернетке «Коопсуз шаардын» камераларына тартылган сүрөттөр интернетке тарап, анда 578 ACD мамлекеттик номери беш башка унаага тагылып жүргөнүн көрүүгө болот. Ал эми унааларга тагылган бул мамлекеттик номери Carcheck базасынан чыккан эмес.

Бирок коомчулуктун кызыгуусун арттырган нерсе башка. Алардын биринде ушул 2019-жылдын 1-декабрында Ибраимов көчөсүндө 73 км-саат ылдамдыкта ошол номер тагылган ак «Мерседес» маркасындагы унааны башкарып, жанындагы айымдын көкүрөгүнө колун салып бара жаткан айдоочуну көрүүгө болот.

Соцтрамактардын колдонуучулары бул айдоочу КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетовго, ал эми жанындагы айым Мамкаттоонун төрагасынын орун басары Айнура Туйбаевага окшош экени айтылууда.

Бирок, айрым ММКларга жооп кылган Алмаз Мамбетов сүрөттөгү айдоочу ага окшош экенин, бирок, анын мындай унаасы, номери жок экенин, дем алуу күндөрү кара түстүгө унаа айдаарын айткан.

Жана мындан тышкары ал күнү Мамбетов Арча Бешикте досторунун үйүндө болгонун, муну тастыктай турган далилдери бар экенин Kaktus.mediaга айтып берген.

Количество просмотров: 943