• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өлкөдө 5 миңден ашык видеокөзөмөл камерасы орнотулду

4 Жалган куран 202614:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күндө «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жана жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн 5 миңден ашык видеокөзөмөл камерасы орнотулду. Бул тууралуу Жогорку Кенештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди.

Министрдин орун басары белгилегендей, 2025-жылы жол кырсыгынын кесепетинен 900 адам каза болуп, 12 миңден ашууну ар кандай жаракаттарды алышкан.

«Унаалардын техникалык мүчүлүштүктөрүнөн улам 5 адам каза болуп, 29,9 миң адам жаракат алган, жалпысынан 657 протокол түзүлгөн», — деди ал.

Количество просмотров: 149